Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 11-апрель күнү Бишкектеги жатак-мектептердин тарбиялануучулары арасында спорттук мелдеш болот. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чарага Военно-Антоновка айылындагы, Панфилов районунун жана Чүй облусундагы жатак-мектептердин балдары катышмакчы. Алар кичи футбол, чуркоо жана аркан тартыш боюнча күч сынашат. Иш-чаранын максаты - балдардын ден соолугу чың болушу үчүн аларды спортко кызыктыруу болуп саналат.