Бишкек шаардык ИИББи 8-апрель күнү 21 адамдан турган кылмыштуу топ шаардагы Мазайский көчөсүндөгү №96-үйдү өрттөөгө аракет кылганын билдирди. Окуя тууралуу үйдүн ээси А.Э. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылып, “үйдөгү адамдарды эшикке кууп чыгып, үйгө бензин чачып өрттөөгө аракет кылышты”,- деп билдирген. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери барганда, кылмыштуу топ каршылык көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында алардын ичинен Дайыр жана Каухар аттуу жарандар айыпталып, камакка алынды. Калган 19 жаранга айып пул төлөтүү чечими кабыл алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, окуяга үй ээси менен камалган адамдардын ортосунда үй талашуу маселеси себеп болгон.