Мындан 397 жыл мурун дал ушул күнү АКШнын Жеймстаун шаарына Американын тарыхында биринчи жолу Африкадан кулдар менен кеме келген. Бул окуя АКШда 250 жылга уланган кулчулук эпохасынын башталышы болгон. АКШда кулчулук өркүндөп жаткан кезде 12 миллион африкалык кул алынып келинген. Ал эми 1860-жылы өлкөнүн тургундарынын саны 19 миллионго жетсе, анын 4 миллиону кул болгон.