ОНЛАЙН: Атамбаев АКШнын кийинки президенти болуп кимдин шайланары жакшы болорун айтуудан баш тартты

12:57. Атамбаевдин маалымат жыйыны аяктады. Президент журналисттерге рахмат айтып, калыс болууга чакырды.

12:53. "Армиябыз азыр таптакыр башкача, жаңы куралдарды алып жатабыз. Орусия абдан жакшы жардам берүүдө".

12:50. Президент: "Коомдук пикирлердин бийлик бутактарын түздөнүүгө түртүп жатканы жакшы көрүнүш".

12:45. "Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыгы үчүн АКШнын президенттигине Дональд Трамп шайланганы жакшыбы же Хиллари Клинтонбу?" Президентке ушундай суроо берилип, өлкө жетекчиси мындай жооп узатты: "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн эки талапкердин биринин атын атоо туура эмес болуп калат. Башкасы шайланып калса эмне кылабыз? Улуттук кызыкчылык үчүн кимиси менен болсо да иштешебиз".

12:41. "Кыргыз өлкөсү чет мамлекеттерге эли, тандап алган жолу менен кызыктуу. Күчтүү жарандык коомду сактап калышыбыз керек. Коом, ММК кийинки президенттин начар иштешине жол бербейт деп ойлойм", - дейт Атамбаев.

12:40. "Бала тарбиялоонун жакшы ыкмасы - баланы сүйүү. Балдарды колдоо керек, алардын шагын сындырууга болбойт".

12:30. "Азыр бирөөнү сындагандан башканы билбегендер бар. Баарына президент, премьер-министр күнөөлүү. Өзүн күзгүдөн бир карап албайт", - дейт президент.

12:29. "Өлкөнүн көп мүмкүнчүлүгү текке кетти. Алынган насыялар уурдалып кетти, бул өкүнүчтүү. Көз карандысыз мамлекет - эч кимден көз каранды болбогон мамлекет. Азыр мен айрым өлкөлөргө "уюмдарга мүчө акылыгыбызды төлөбөй эле койгула" деп айта алам. Бир нече жыл мурун минтип айта албайт элем", - деди президент.

12:14. "Радикалдашкан диний ишмерлердин, өлкөнүн туруктуулугун бузгусу келген оппозициячылдардын орду түрмөдө". Президент суроолорго жооп берип жатып ушуну айтты.

12:10. Атамбаев: "Өлкөгө туруктуулук керек, тартип болушу шарт. Туруктуулукту бузгусу келгендерге катаал чараларды көрүү керек. Оппозиция - бийликти басып алууга чакырык жасоо, кашаадан ашып кирүү эмес. Муну оппозиция дегенге болбойт. Оппозиция - өзүнүн пикири бар фракциялар".

11:57. "Партиялар шайлоодо элди алдабашы керек. Азыркы мыйзам жакшы, талапкерлердин арасында жаштар, башка улуттун өкүлдөрү болушу керек деген нормалар бар. Бирок шайлоодон кийин жаштарды сыртка түртүп чыгарып коюп, жалаң акчалууларды алып келишүүдө".

11:55. "Конституцияны өзгөртүү референдумунан кийин парламент тарабайт. Мен партия лидерлери менен сүйлөштүм. Шайлоо алдында түзүлгөн тизме менен гана парламентке келиши керек. Анан да шайлоо алдындагы босоголук баллды 9-10 пайызга көтөрүш керек. Азыркыдай 6 партия болсо жакшы болбойт. 2 же 3 партия келиш керек. Ошондо өкмөт туруктуу болуп, көп убакытка иштейт". Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ушундай деди.

11:50. Атамбаев кыргызча ырлары да бар экенин айтты. "Буга чейинки ырларымды 47 мүнөттө гана жаздырдым. Ушул ырларды да кыргыздар сындап жатып калышты. Эми кыргызча ырларым чыкса эмне болот, биротоло муунуп алышабы? Мен ырларымды 60 жылдыгыма карата жаздырайын дегем. Анан көзүм өтүп кетсе эмне болот деп ойлойт экенсиң, балким, арасында элге жаккандары болор дедим", - деди мамлекет жетекчиси.

11:44. "Айрым адамдар бар, колунан бирөөнү шыбагандан башка иш келбейт. Менин жардамчыларымдын кызматка отурушун сындагандар бар. Мен үчүн пол жуугуч да, жардамчы да кадимкидей эле адам".

11:38. "Дагы бир мөөнөткө президент болуп бериңиз" деп элден кайрылуулар келип жатат. Мактай берсе, адамды өзгөртүүгө болот. Мен го башымдан көп нерсени өткөрдүм. Президент эки мөөнөткө шайлансын деген маселе менин тушумда көтөрүлбөйт. Сыйым менен эле кетейинчи", - деди өлкө жетекчиси.

11:34. "Биз эки ажыдаардын башкаруусун башыбыздан өткөрдүк. Мындан ары андай ажыдаардын пайда болбошу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү керек".

11:30. "Атамбаев чек ара маселесине күйбөйт, Бакиевдер болсо чечмек" дегендерге таң калам. Ошол Бакиевдер учурунда жерлердин көбү сатылып кеткен. Чек ара маселесин шашпай, дыкат чечишибиз керек. Бул абдан оор маселе, мен баарын чечип кетем деп айта албайм, бирок бир нерсени так айта алам, мындан ары мамлекетибиздин жери ар кимге берилбейт. Мурунку президенттер чет өлкөгө барганда кыргыздын жерин белекке ала барышчу экен. Менден кийинки президентке жеңил болот. Кыргыз Республикасы бирөөнүн көзүн карабай тең ата сүйлөшөт", - деди президент.

11:26. Президент эгемендүү мамлекетти сактоо маселеси курч турганын айтты. "Дин аалымы болсоң сакалчан жүрө бер, бирок саясатка баргың келсе сакалыңды кырып, селдеңди чечишиң керек. Саясатка аралашкан диний ишмерлерге кескин чараларды көрүш керек", - деди өлкө жетекчиси.

11:25. "Диний күчтөр мамлекетке киришкен жерде бир да мамлекет соо калган жок. Диний ишмерлер саясатка кийлигишсе, аны ордуна коюш керек. Тилекке каршы, өткөн шайлоолордо айрым саясатчылар диний ишмерлерди чакырышты. Белгилүү диний аалым өлкөбүздөгү арак чыгарган заводдун жетекчисинин партиясына үгүт кылды. Бул партиянын жетекчиси үчүн да, аалымдын өзү үчүн да уят", - деди Атамбаев.

11:20. "Балыкчы-Корумду жолу өз убагында бүтпөй калабы деп кооптонуп жатам. Бирок көз коркок, кол баатыр. Ипподромду 25-августта куруп бүтүрүү пландалууда. Курганга жараша сапаттуу куралы деп жатабыз. Эл аралык сертификаты бар аймактагы жалгыз ипподром болот".

11:16. SUPER.KG порталы тарабынан "Сиз айтып жүргөн уламышта ажыдаарды өлтүрүп Ак сарайга кирген баатыр байлык-бийликке мас болуп, акыры өзү ажыдаарга айланып кетет эмеспи. Акыркы 5 жылда сизде ошондой ажыдаарга айланып кетүү коркунучтары пайда болгон учурлар болдубу? Алдыдагы 1 жылда андай коркунуч жокпу?" деген суроо берилип, президент өз жообун узатты.

"Мен башымдан көп нерсени өткөрдүм, андай коркунучтарга даяр болчумун. Мендей башынан көп нерсе өтпөгөн бирөө президент болуп калса, ажыдаарга айланып кетпесин деп Конституцияга өзгөртүү киргизгени жатабыз. Укук коргоо органдарын реформалоо да бекеринен жасалып жаткан жок. Алдыдагы 1 жыл боюнча... 5 жыл ажыдаарга айланбаган адам 1 жылда айланып кетмек беле? Мен керек болсо бүгүн президенттиктен кетүүгө макулмун, бирок бүтүрө турган иштер бар. 1 жыл ичинде ошол иштерди бүтүрүү зарылдыгы турат", - деди Алмазбек Атамбаев.

10:23. "Жарандар шайлоодогу жоопкерчилигин сезиши керек".

10:20. "Демократиялык өлкөнү курабыз десек, президентти эл шайлашы керек. Демократияны кура турган өлкөдө президент мураскер дайындабашы керек".

10:17. Атамбаев Баш мыйзамдын 41-беренесин өзгөртүү керектигин айтты. Азимжан Аскаров боюнча БУУнун Кыргыз мамлекетине сунуш киргизүү чечимине жол берген берене өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо кетире турганын айтты.

10:15. "Баш мыйзамды өзгөртүү менен мени премьер-министр болуп калат экен деген сөздөр айтылууда. Андай болбойт", - деди Атамбаев.

10:08. Чолпон-Ата шаарынын "Рух-Ордо" маданий комплексинде президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны башталганы жатат. Өлкө жетекчиси учурдагы маанилүү маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан