31-июль күнү оор атлетчилер Иззат Артыков жана Жаңыл Океева "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу үчүн Бразилияга жөнөп кетишти. Алар менен кошо башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаров жана федерация президенти Өмүржан Молдодосов жөнөп кетишти. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.
Кошумчалай кетсек, мелдеште Жаңыл Океева 48 килограмм салмакта, И.Артыков 69 килограмм салмакта күчүн сынайт.