ЭЛДИК КАБАР: "Айдоочунун күбөлүгүндөгү ката үчүн аны алмаштырууга кайра акча төлөөнү талап кылып жатышат" дейт окурман

Айдоочунун күбөлүгүндөгү ката үчүн аны алмаштырууга кайра акча төлөө туура же туура эместигин тактап берүүнү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу суранды.

"Мен 2012-жылы 15-августта айдоочулук күбөлүк алгам, бирок кайсы мөөнөткө чейин жарактуу экенин жазбай коюшуптур. Кийин барсам, акча сурашкан. Москвада бул күбөлүктү жаратпай жатат. Ал эми алмаштырайын десем, 6 миң сом сурап жатышат. Ушул туурабы?" - деген суроо салды окурман.

Суроого Мамлекеттик катттоо кызматы жооп берди:

"Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын июнь айынан баштап, жол кыймылы жөнүндөгү Вена конвенциясынын талабына ылайык, мөөнөтү көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүгүн бере баштаган. Айдоочулук күбөлүк 10 жылга берилип, күбөлүктүн ээсинин маалыматы англис тилинде да коштолууга тийиш. Бул жаңычылдык Орусия, Казакстан өлкөлөрүнүн аймагындагы эмгек миграциясында жүргөн жарандарыбызда болгон айрым маселелерди чечүү максатында киргизилген. Ал эми суроо берген жаран айдоочулук күбөлүктү 2012-жылы 15-августта алган экен. Ал учурда мөөнөтү көрсөтүлбөгөн эски үлгүдөгү күбөлүк берилген жана ал күбөлүктөрдү азыркы учурда да колдонууга болот. Сөзсүз түрдө алмаштыруу керек деген талап жок. Айдоочулар өз каалоосу менен алмаштыргысы келсе, эч кандай сынактан өтпөстөн, төмөнкү документтердин негизинде алмаштырып алса болот:

1) паспорт ID-карта;

2) транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде түзүлгөн белгилүү үлгүдөгү арызды толтуруу (департаменттин кызматкери тарабынан толтурулат);

3) айдоочунун транспорт каражатын башкарууга карата жарай турганын аныктаган медициналык маалымдама; (№083 үлгү)

4) айдоочунун карточкасы;

5) айдоочулук курсту аяктагандыгын тастыктаган күбөлүк.

Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн баасы 12 евро турат.

Ал эми 6 миң сом сураган факт боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефонуна чалып коюуңузду суранабыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефону: (0312) 62-41-40".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
abusait
2016-08-05 15:37:17
Акча сурагандар олду эми .
+5
koshterek
2016-08-05 16:18:30
6 min suraim dep emi kyzmattan jydydyn
+2
marrss
2016-08-05 16:21:33
Карга карганын көзүн чукубайт.
0
futboler
2016-08-05 16:29:53
Сом менен белгилесенер болбойбу акысын евро, доллар дебей
0
beka.1994.a
2016-08-05 17:02:30
Негизи ар бир социалдык мекемелердин кызмат акылары кире бериште (каридор) илинип турса жакшы болмок. Жарандарды чийки май жегендей кылбай...
+4
jaguar11
2016-08-05 17:05:51
Сизденго 6000 сурашыптыр менден 10000 сурашкан алмаштырбай эле журом
+1
jumatone
2016-08-05 18:01:46
Күбөлүктө мөөнөткө чек жок го меникинде деле канча жүрдүм россияда
0
incognito1
2016-08-05 18:41:53
Мен международные водительские права 2009 алганмын. Моонотко чек жок, Казахстанга спокойно эле кирип чыгып журом. 2013 жылы шашып, 140км/час келатып алдырып коюп, правам 2,5 жыл жатты Алматыда, бул жакта штраф арзан болчу, жибереби десем жиберишкен жок, Кыргызстанга жибергенбиз деп, былтыр озум барып табып, 10000 тенге штраф толоп алып келдим.
0
ruslanz
2016-08-05 19:48:12
Кайра барып акча сураган кишинин аты-жонун сурап, жогорудагы тел. чалып айтпайсызбы. Паракорлор м-н баарыбыз курошубуз керек.
+1
semo
2016-08-05 21:37:36
Пара сураган адамдын аты жөнүн дарегин толук жазып койуш керек уялып калсын окуп алып
+2
Mers124
2016-08-06 01:14:42
Ушундай маалыматтарды кайдан алсак болот,мен да жеңил автоунаанын чиркегичине(прицеп) номер, тех.паспорт алайын дегем. Ар ким ар кайсы бааны айтат. Жана айдоочулук күбөлүгүмө "е" категориясын бастырамбы? Бастырсам канча акча кетет? Ушулар жөнүндө макала даярдасаңар жакшы болмок.
0
Azura
2016-08-06 08:05:26
Дагы суроо: эгерде айдоочулук куболук жоготуп алса.канча сомго.кайсыл документтер менен алынат.жана фамилия озгорткондо кандай шарттар?
0
incognito1
2016-08-06 11:27:45
Эгер жоготуп алсанар:
1. Паспорт
2. Личная карточка водителя, выданная в автошколе
3. Заявление
4. Медицинская справка № 083
5. При наличии категории «Д» «Е» свидетельство об окончании или 1, 2 класс
6. Справка с бюро находок.
При замене водительского удостоверения нужно обращаться в территориальные подразделения ДРТС по месту проживания.
Оплата 8,5 $
Оплата производится в кассе на месте предоставления услуги.
0
Khabib
2016-08-07 06:05:32
кыргызсиандын правасы безлимит
+1
Frunze74
2016-08-07 10:39:07
Khabib, туура айтыптырсын, мен да алмаштырбай журо бермекмин зарылчылык болбогондо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан