Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылынын тургуну Нургазы Сарытаев 2016-жылдын 29-июнь күнү сабалып, учурда оор абалда ооруканада жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-августта окурман кабарлады.
Окурман жабыр тарткан Нургазы Сарытаевдин кайрылуусун жиберип, маселенин тиешелүү жактарга жетишин суранган.
"Ал күнү үйгө келе жатсам, унаам жүрбөй калды. 2 сааттай унаамды оңдоого аракет кылдым, бирок жүргүзө албай койдум. Алдыда трактор турган экен, "унаамды тартышып кой" деп сурандым, алар мага жардам бербей, милиция кызматкерлерин чакыртышты. Милиция кызматкерлери мени унаасына салып кетишти. Унаанын ичинде милиция кызматкерлеринен Нарбото, Ильяз, Аслан бар болчу. Нарбото тээп, Ильяз менен Аслан кармап берди. Султан деген кызматкер "бул менин агам болот" деп ажыратты. Алар мени белгисиз караңгы жерге алып барышып, ичиме аябай катуу тебишти. Ошол учурда эсимден танып калыптырмын. Бир убакта эсиме келип көзүмдү ачсам, убактылуу кармоочу жайда жатыптырмын. Нарбото жездем менен агама "миң доллар алып келсеңер чыгарам" дептир. 5 миң сом алып келип беришкенде мени чыгарышты. Андан кийин Кадамжай райондук ооруканасына жатып калдым. Ичегилерим жарылып кеткен экен, операция жасашты. Медицина кызматкерлери ичимден 2 литрге жакын кан алышыптыр. Операциядан 4 саатта чыктым. 12 күн ооруканада жаттым. Ал жерде абалым оорлошуп, Ош облустук ооруканасына жиберишти. Ош облустук ооруканасынан 1,5 метрдей ичегимди кесишти. Азыр абалым өтө оор, үчүнчү жолку операцияга даярдап жатышат. Бул операцияга күчүм жетпей калышы мүмкүн экен. Менин жашагым келет! Мени уруп-сабаган 5 милиция кызматкерине мыйзам боюнча чара көрүлүүсүн суранам", - деп айтылат кайрылууда.
Окуя тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, бул факт боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун кабарлашты.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.