Бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу алдынкы айнектери караңгылатылган унаалардын сүрөттөрүн жиберип, төмөнкүлөрдү жазган:
"Ош шаарындагы жогорудагы автоунаалар алдынкы айнектери караңгылатылган бойдон жүрүшөт. Эмнеге Ош шаардык патрулдук милиция кызматкерлери баарына бирдей мамиле кылышпайт? Мыйзам баарына бирдей деген принцип буларга тиешелүү эмеспи? Же булар премьердин, же Жогорку Соттун унааларыбы? Айдоочулардын атынан кайрылам: же баарына тыюу салсын, же баарына уруксат берсин".
Окурмандын кайрылуусу боюнча Ош шаардык патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматына кайрылдык.
"Ош шаары боюнча караңгылатылган айнектүү унаалардын ээлерине 2000 сом айып пул салынып, караңгылатчу катмарлары сыйрылып жатат. Ош шаары боюнча патрулдук милиция кызматкерлеринин да унааларынан сыйрылган. Уруксаты барлар гана калды. Эгер уруксаты жок унаалар болсо, сөзсүз түрдө чара көрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматынын катчысы Чолпонбай Арстанбеков.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.