Дональд Трамп: "Крым маселеси III Дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн"

АКШ Крым маселесин күч менен чечсе, глобалдык кагылышууга алып келерин АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп айтып чыкканын "Politico" агенттиги бүгүн, 2-августта жазды.

“Крымдын Орусияга биригүүсү эки жыл мурун болгон. Аны кайтаруу үчүн кайра артка барып, III Дүйнөлүк согушту баштагыңар келип турабы?” - деген суроо салды Трамп.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп президент болуп калса, Крымдын статусун карап чыгарын айтып, ошол эле учурда жарым аралдын эли тандоону өздөрү кылганын белгилеген. Мындан тышкары талапкер Орусия үчүн киргизилген санкцияларды жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн айтып, аны менен бирге "Ислам мамлекетине" каршы биргеликте күрөшүү керек экендигин билдирген.

Эске салсак, 2014-жылы 16-мартта жарандардын 80 пайызы референдумга катышып, алардын 96,77 пайызы Крым Орусиянын жаңы субъекти болуп калышына добуш беришкен. АКШ, Украина жана
Евробиримдик өлкөлөрү Крымды Орусиянын бир бөлүгү деп таануудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан