Бишкек–Торугарт унаа жолунда автокырсык болуп, 20 жаштагы айдоочу кыз каза болду

9-апрелде Бишкек-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Кырсыкка Мерседес 240 унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон. Унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан унаа айдоочусу 20 жаштагы Ширин. С. аттуу кыз өзүнө келе албаган калыбында көз жумду. Мындан башка Т.С., М.М., А.А. аттуу жүргүнчүлөр оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан