Борбор калаада алдамчылыкка шектелгендер кармалышты

Борбор калаада алдамчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы З.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 2014-жылдын сентябрь айында Л. жана Т. аттуу чала тааныштары анын ишенимине кирүү менен 24 300 сом акчасын алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 54 жаштагы М.Т. жана 60 жаштагы А.Л. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу 13 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан