Бишкекте кыргыз-немис чеберлеринин колунан чыккан буюмдар "Кийиз+Filz" көргөзмөсүнө коюлду (фоторепортаж)

Бүгүн, 2-августта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде "Кийиздеги жалпылык жана ар түрдүүлүк" аталышындагы көргөзмө ачылды. Анда кыргыз, немис чеберлеринин колунан чыккан кийизден жасалган кийимдер, сувенирлер жана башка түрдүү буюмдар коюлган.

Уюштуруучулардын бири Чолпон Осмоналиеванын айтымында, көргөзмө кийизден жасалган буюмдарды сатуу эмес, элге эстетикалык рахат тартуулоо максатында уюштурулуп жатат.

"Жарманке-көргөзмөлөр көбүнчө буюмдарды сатуу максатында өткөрүлөт. Биз бул иш-чара аркылуу элге эстетикалык рахат тартуулоо, келген көрүүчүлөр эс алып кетүүсү үчүн да уюштурдук. Ошондой эле бул көргөзмө кыргыз-немис элдеринин бири-биринин маданиятын жакындан билүүгө, достук алакаларды өстүрүүгө шарт түзөт", - деп билдирди Чолпон Осмоналиева.

Белгилей кетсек, көргөзмө 11-августка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан