Лейлек районунда болгон селдин кесепетинен келтирилген зыяндар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 77 турак үй текшерилип. Анын ичинен 10 турак үй авариялык абалда экени аныкталып, 55 турак үй көзөмөлгө алынган.
“5 турак үйдүн пайдубалына, 59 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Ал эми 3 дамбаны, 1 чарбалык курулушту, 5 электр мамысын, 1 сугат каналын, 5,6 гектар үлүш жерди, 12,6 чакырым ички чарбалык жолду, 10,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 2 чоң көпүрөнү сел калдыктары каптаган”, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Айта кетсек, 30-июль күнү саат 17:10 чамасында Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.