Акыркы эки жылда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги укук коргоо жана сот органдарына 19 миллион сом өндүрүү боюнча 180ден ашык материал жөнөткөн. Маалымат 2-августта өкмөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана аңчылык тармагындагы мыйзам бузуулар талкууланган кеңешмеде айтылды.
Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи экенин белгилеп: "Жаратылыш байлыктарын жемиштүү пайдалануу флора менен фаунаны сактоого түздөн-түз таасир этет жана элдин жашоосунун жакшырышына мүмкүнчүлүк түзөт. Экономиканы өнүктүрүү жана өндүрүш кубаттуулугун күчөтүүгө аракет кылуу менен бирге курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деди.
Тармакта мыйзамдуулукту сактоо, браконьерлик фактыларын, дарактарды мыйзамсыз кыюу жана башка мыйзам бузууларды жоюу керектигин кошумчалады. Жакында аталган маселе өкмөт жыйынында каралары белгилүү болду.