Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында 12-14-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында биринчилик өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти. Айтылгандай, мелдеште 8 салмактык баскычта 1993-1995-жылы туулган жаш спортчулар күч сынашат. Мелдештин максаты - грек-рим күрөшү боюнча мыктыларды тандап алып, аларды Азия жана Дүйнө чемпиондугуна даярдоо болуп саналат.