Бишкектеги Комсомол жана Пионер көлдөрүндө эс алуучуларга шарт түзүлгөн эмес. Мындай көрүнүштү көлгө барган ар бир эс алуучу байкабай койбойт. Көл жээгинде чөптөр өсүп, балырлар тазаланбай, жээктерде ар кандай таштандылар жатат.
Көлдөгү эс алуучуларга түзүлгөн шарт менен таанышууга барганыбызда суунун жээгинде 3 куткаруучу бар экен. Самат Маанаев аттуу куткаруучу-суучулду кепке тарттык.
"Иш күндөрү 100гө жакын адам келип сууга түшөт. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү бир күндө 500-600дөн ашуун адам келип эс алат. Ал учурда кылдаттык менен иштөөгө туура келет, сууга түшүүнүн тартибин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бул көлдө жээктен 10 метр алыска сүзүүгө болбойт, себеби көл андан ары терең болуп кетет. Кырсык болуп кетпесин деп тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бактыга жараша, адам өмүрүн алган окуя каттала элек", - дейт суучул.
"Бүгүнкү күндө суучулдарга талап жогору. Суучулдар чымыр денелүү, шамдагай болушу керек", - деп кошумчалады Маанаев.
Белгилүү болгондой, аталган көлдө "10 метрден ары сүзүп барууга болбойт" деген белги коюлган эмес. Көлдүн айланасы таштандыга толуп, алынбай жатат. Ал эми сууга түшүү үчүн чечинип-кийинүүчү жайлар сынып, кыйшайып калган. Сейил бактын администрациясынын айланасынан спирт ичимдигинин идиштерин, дарбыздын калдыктарын байкоого болот. Ал эми суунун жээгинде таштандыга толуп, бирок алынбай жаткан таштанды челекти да көрө алдык.
Буга чейин Бишкек шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Кара-Жыгач багындагы көлдөрдү сууга түшүү сезонуна даярдоо иш-аракеттери көрүлүп жатканы айтылган. Көлдөрдүн жээгиндеги чөптөр чабылып, таштанды таштоочу челектер, отургучтар, бастырмалар, кийим которуучу жайлар сырдалып иретке келтирилип жатат деген маалыматты беришкен.
Аталган ишкана билдиргендей эс алуучуларга шарт жаралмак тургай көңүл ирээнжитерлик көрүнүштөр көп экенине күбө болдук.