"Кооперативдерди өнүктүрүү - айыл чарба тармагындагы негизги милдеттердин бири". Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 3-августта 2017-2021-жылдарга айыл чарба тармагындагы кооперативдик тутумду өнүктүрүү концепциясынын долбоору талкууланып жатканда билдирди.
Талкууга республикалык мамлекеттик органдардын жана айыл чарба кооперативдеринин өкүлдөрү катышты.
Абылгазиев белгилегендей, учурда өлкөнүн айыл чарба тармагынын мүмкүндүгү толук кандуу пайдаланылбай жатат. "Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыгына карабастан, ички дүң продукциясындагы айыл чарбасынын үлүшү анча жогору эмес. Буга байланыштуу кооперативдик чарбаларды өнүктүрүү тез арада ишке ашырууну талап кылган маанилүү маселелерден болуп саналат", - деди ал.
Кооперативдик чарбалардын жакшы өнүкпөй жатканын биринчи вице-премьер-министр кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги менен байланыштырды. Ал эл аралык тажрыйбаны пайдалануунун, жаш адистерди тармакка тартуунун жана кооперативдик чарбалардын артыкчылыктары тууралуу калк арасында кеңири өнөктүктү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Өлкөнүн айыл чарба багытындагы мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн кооперативдик чарбаларды баскычтуу өнүктүрүү зарыл. Биздин мамлекетте айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн бардык шарттар жетиштүү. Биз аны толук кандуу жана натыйжалуу пайдалануубуз керек", - деп белгиледи Абылгазиев.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине ведомство аралык жумушчу топ түзүү жана кооперативдик чарбаларды өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу жана республиканын ар бир районунда моделдик кооперативдик чарбаларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.