Бишкекте белгисиз эркек канализациялык люкка түшүп кетип каза тапты
12-ноябрь күнү кечки саат 17:00дөрдө Бишкек шаарынын Тыныстанов-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги канализациялык люкка азиат улутундагы адам түшүп кетип, каза тапканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Аталган ведомствонун кызматкерлери жаранды сактай албай калышкан. Аты тактала элек мырзанын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.