Эмилбек Каптагаев: "Каптагаевди эмес, мамлекеттик кызматкерди барымтага алганы үчүн кылмыш иши козголуп, журналист кармалды"

"2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышып, ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деп айыпталып журналист Кенжебек Жумабаев кармалган. Ага “барымтага алуу”, “массалык баш аламандык”, “мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бул окуяны көпчүлүк "сөз эркиндигин чектөө аракети" деп баалашкан.

Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына бул тууралуу өз оюн бүгүн, 4-августта жазып чыкты.

"Ишти эркин маалымат каражаттарына басым катары көрсөткүсү келип жатышат. Түшүнбөй жатам, Каптагаевдин, арыздын, сөз эркиндигинин эмне тиешеси бар? Бул сүрөттө ошол журналист менин колумду кайрып, башкаларга кошулуп мени унаага салып жатканы так көрүнүп турат. Анда Каптагаевди эмес, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүн кармашкан. Бул эки бөлөк түшүнүк, эки бөлөк берене. Мамлекеттик кызматкерди барымтага алып, коркуткандыктары үчүн 2013-жылы кылмыш иши козголгон. Ошол убактан бери УКМК иликтеп келген", - деп жазган Каптагаев.

Ошондой эле аны барымтага алгандардын экөө экс-депутат Садыр Жапаровдун жээндери экенин жазган.

"Бул окуяга тиешеси барлардын айрымдары азыр да качып жүрүшөт, алар издөөгө берилген. Алардын ичинен Бакыт жана Бактияр аттуу жигиттер Садыр Жапаровдун жээндери. Жапаровдун дагы бир тууганы Сейит Куланбаев эки ай мурун кармалган. Ал эми барымтадагы адам отурган унаа Садыр Жапаровдун бир тууганы Салтанат Жапаровага таандык болгон. Сүрөттө сол жактагы ак футболкачан бала Жапаровдун жээни. Окуяга Каптагаевдин жеке адам катары эч кандай тиешеси жок. Кылмыш иши мамлекеттик кызматкерди барымтага алгандыгы боюнча козголгон, укук коргоо органдары өз ишин аткарууга милдеттүү", - деген Эмилбек Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан