Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-августта АКШ президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.
"Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилден айтылган куттуктоомду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасы эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн багыттарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилөө менен сизге бекем ден соолук жана бакубатчылык, АКШ элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган жакшы тилектеримди кабыл алууңузду өтүнөм", - деп айтылат куттуктоодо.
Белгилей кетсек, Барак Обама бүгүн 55 жашка чыкты.