Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Коркунучтуу өндүрүш объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - коркунучтуу өндүрүш объектилерин коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуунун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктоо. Анын ичине коркунучтуу өндүрүш объектилеринде авариялардын алдын алуу жана коркунучтуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялаган юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин бул авариялардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын камсыз кылуу да кирет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.