Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Кабыл алынган мыйзам Конституциялык палатанын жогорку тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан жана адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формаларын регламенттөөгө багытталган.
Бул мыйзамда адвокатка көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү принциби жүзөгө ашырылган. Ага ылайык, адвокат адвокаттык ишти уюштуруунун төмөнкү атайын үч формасынын бирин эркин тандай алат: адвокаттык кабинет, адвокаттар коллегиясы жана адвокатттар бюросу. Адвокаттык кабинет – бул юридикалык жакты түзбөстөн жекече адвокаттык иш менен алектенүүнүн формасы. Ал эми коллегия жана бюро – коммерциялык уюм эмес болуп эсептелген юридикалык статусу бар жамааттык форма.
Кабыл алынган мыйзам социалдык адвокатуранын формасы катары юридикалык консультацияларды түзүүгө жол берет. Юридикалык консультациялар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан 2 же андан аз адвокаттар иштеген райондордо түзүлөт. Анын максаты – жарандардын республиканын бардык аймактарында квалификациялуу юридикалык жардамдан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
Бул мыйзамда адвокаттын статусунун, адвокаттык кабинеттерди жана адвокаттык уюмдарды түзүүнүн, адвокаттык уюмдардын, ошондой эле адвокаттын (адвокаттык уюмдун) жана үчүнчү жактардын ортосундагы өз ара мамилелердин укуктук негиздери аныкталган.