Бишкек шаарынын Ленин районунда лотоктор жаңыланып, көп кабаттуу үйлөр сырдалууда

Бишкек шаарынын Ленин районунда лотоктор жаңыланып, көп кабаттуу үйлөр сырдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы жол четиндеги дарактардын шактары кесилип, тазалык иштери аткарылууда. Жалпысынан 21 имарат сырдалып, айланасы иретке келтирилет.

"Чыңгыз Айтматов жана Манас кең көчөлөрүндө турак үйлөрдү, имараттарды сырдап, шаарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Эскилиги жетип калган лотокторду жаңылап жатабыз. Алдыда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык жолугушуулары өткөрүлөт, ошондуктан шаарда ушул сыяктуу жумуштар аткарылып жатат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
M89
2016-08-08 09:28:14
Ушуну туура кылат. Жамгыр жааган сайын эле жолдор колчук болуп калчу элек. Башка райондорду да карап койгулачы
+2
abusait
2016-08-08 09:50:12
Созсуз бир саммит же бир нерсе болгондо кыймылдаш керекпи?
+2
juma11anara
2016-08-08 10:13:09
Эмнеге Манас проспектиси? Ленин районунда андан башка толтура көчөлөр бар. Келген коноктор балким шаардын башка райондоруна барып калсачы.!?
+1
marrss
2016-08-08 11:14:14
Саммитке келген адамдар кайда бараарын, кайсыл көчө менен жүрөөрүн өздөрү чечкенде шаардын ар бир көчөсү таза турмак беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан