Ысык-Көлдүн жээгинде эшеги менен иштеген 10 жаштагы Эржан: "Сезондо тапкан акчама мектепке кийим алам" (фоторепортаж)

Ысык-Көлдө эшектин 5 мүнөттүк кызматы 50 сом турат. Өлкөдө туристтик сезондун гүлдөп турган мезгили. Күндүн ысык аптабында эс алуучулардын агымы тоону көздөй бет алса, айрымдары көгүлтүр Ысык-Көлгө чөмүлүүнү эңсешет. Ал эми капчыктуулары чет өлкөдө эс алууну самашат.

Көлгө түшүп, кумда жатып эс алгандарга кызмат көрсөтүп жаткан жергиликтүүлөрдүн кызмат баалары менен таанышып, коомчулукка жарыялоону туура көрдүк.

Алгач көл жээгинде эшегин минип алып, "Осёл на прокат" деп кыйкырып жүргөн 10 жаштагы Эржан Мамбетовго жолуктук. Ал күн сайын туристтерди эшегине мингизип, жакшы дегенде 300-400 сомго чейин акча табат. Анын айтымында, эшекти чет элдиктер жана шаардан келген орус улутундагылар көп минишет.

"Эшегимди жакшы көрөм. Ал мага акча таап берет. Аны коноктор 5 мүнөт минсе, 50 сом, бир айланып келсе, 20 сом төлөшөт. Сүрөткө түшүү 10 сом. Бир сезондо 3 миң сомго чейин акча табам. Тапкан акчамды чогултуп, мектепке кийим алам. Чет өлкөлүк эс алуучулар менен орусча сүйлөшөм. Орусча билбегендерге жаңсап түшүндүрөм, анткени мен англис тилинде сүйлөй албайм", - дейт Эржан.

Андан ары дагы бир кызмат көрсөтүүгө туш болдук. Жергиликтүү тургун Бактыяр Темирбеков эс алуучуларга эки өркөчтүү төө мингизип, сүрөткө түшүрүп кызмат көрсөтөт. Төө менен сүрөткө түшүүнүн акысы 100 сом. Аны минип айланууга 5 мүнөткө 200 сом алат. Анын айтымында, көбүнчө таптакыр төөнү көрбөгөндөр төө менен сүрөткө түшүп, ага минишет.

"Төөнүн ар бири 80 миң сомго бааланып келген. Эс алуучуларга кызмат көрсөтүү максатында сатып алгам. Кызмат көрсөтүүнүн наркын - 200 сомду кымбат дегендер бар. Төөнүн чыгымы абдан жогору. Башка жаныбарларга караганда көбүрөөк жем-чөп жейт. Анан күн сайын жетелеп жүрүп 6-7 чакырым жол басам. Айрым адамдарга жеңил жумуштай көрүнөт", - дейт Бактыяр Темирбеков.

Көл үстүндө эс алуучуларга рахат тартуулаган моторлуу кайыктын ээси менен да маек курдук. Ал кайык менен эс алуучуларды жээктен бир топ алыс алып барып, кайыкка парашют улап учурат. Кайыкка 7 адамга чейин отурса болот. Ал эми бир учканда парашют менен 3-4 киши учса болот. 100 метр бийиктикке чейин учат.

"Эс алуучуларды кайыкка отургузуп 3 чакырым аралыкка чейин барабыз. Ал кызматыбызга 1000 сомго чейин алабыз, анткени кайыкты Орусиядан кымбат баага сатып алганбыз. Кайыктын моторунун өзү эле 10 миң АКШ долларына бааланат. Ал эми парашют менен учууну каалагандардан 1000 сом акы алынат. Бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш", - дейт Токтогул Калыгулов.

Кайык менен кызмат көрсөткөн Токтогул Калыгуловдун айтымында, өткөн жылдарга караганда быйылкы туристтик сезондо чет өлкөдөн келгендер, жалпы эле эс алуучулар аз экени байкалган.

Ал эми көл жээгинде катуу ылдамдык менен жүрүүчү скутердин 5 мүнөтү 500 сом, ар бир мүнөтү 100 сомго бааланат. Эки адам отуруучу катамаранды 1 саат колдонуу 200 сом турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek.kgz
2016-08-08 11:44:03
Азамат!!!
-1
Nur1k
2016-08-08 12:12:20
Туристтердин аздыгы окундурот. Бизда барганда катамаранга тушуп 30 минут алып, бутойун дегенде узака кетип калчубуз ээси акырып окургондо шашылбай келчибуз))) ээх... Колду санюгындым
-1
Syper.kelin4ek
2016-08-08 12:14:08
Деги ушундай эле болсун, эшектин тээриси биякта тиякта жатат деп уят болбой.
+2
Nurkyz1977
2016-08-08 13:01:41
Кунуно 300-400сом тапса бир сезондо кантип 3000сом болсун
+2
jalalabad93
2016-08-08 15:18:20
Nurkyz1977,устудон тейлешеттир да
-2
bakulya2015
2016-08-08 15:30:31
Nurkyz1977,июнь,июль,авгус 300-400с кунуно тапса ушунча болуп калат
-2
Lingkongjing
2016-08-08 15:40:11
Азамат.Акча табуу жолун уйронот ошентип. Кандай пайдалануу жолун уйронсо, келечекте кыргыздын чыгаан уулдарынан болот, окуп осуп онуксо.Ийгилик жана изденуу каалайм Эржанга.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан