Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 8-августта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жумакадыров өлкө башчыга мамлекеттик органдар тарабынан улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге каршы чараларды күчөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Темир Жумакадыров ошондой эле укук коргоо органдарынын натыйжалуу системин түзүүгө, жарандардын аларга болгон ишенимин кайтарууга жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышы тууралуу баяндап берди.
Андан сырткары президент катчы менен өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүү тенденцияларына байланыштуу маселелерди да талкуулады.