Аида Салянова: "Конституция өзгөртүлсө, мамлекеттик мекемелердин ортосунда саясий шантаждар жана чайкоочулуктар пайда болот"

"Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору эксперттик талдоого татыбайт, анткени ал өтө сандырак жана одоно". Мындай пикирин бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун конституциялык укук жөнүндө илим, парламентаризм, бийликти бөлүштүрүү принциби боюнча өмүрүндө укпаган адамдар жазышкан. "Долбоор премьер-министрди күчөтөт. Долбоор президентти чектөөгө багытталган эмес, ал парламентти жана соттук бийликти алсыздатууга багытталган. Эгер Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, айрым мамлекеттик мекемелердин ортосунда саясий шантаждар жана чайкоочулуктар пайда болот. Мындай тирешүүлөр жакшылыкка алып келбейт", - дейт депутат.

Мындан тышкары Салянова "Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору өзүм билемдик менен даярдалган" деген оюн билдирди. "Конституция эки учурда өзгөртүлөт: эл талап кылганда же түзүлүп калган кырдаалга жараша. Көбүнчө экинчи вариант колдонулат, анткени өкмөттүн кантип түзүлөрү, ким кимге баш ийгени коом үчүн баары бир. Адам үчүн анын жеке мейкиндиги, анын коопсуздугу маанилүү. Анткени ар бир адам оор мезгилде өзүнө гана ишене аларын билет", - деп жазат Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан