Мамлекеттик каттоо кызматы менен Мамлекеттик кадр кызматы биргеликте электрондук башкарууну ишке киргизүүнүн алкагында мамлекеттик органдарга адам ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү маалымат системин киргизип жатат. Бул долбоор алдынкы маалыматтык технологияларды колдонуу менен кызматкерди башкаруу маселелерин чечүүгө жана мамлекеттик кадр саясатын жүзөгө ашырууга негизделген.
Маалымат тутуму кызматчылар курамы боюнча электрондук маалымат базасын калыптандырууга, иш кагаздарын жүргүзүү процесси жана мамлекеттик кадр саясатын стандартташтырууга, кадрлар боюнча так маалыматтарды пайдалануунун негизинде башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Бул систем билими, квалификациясы, жашы, үй-бүлөлүк абалы, гендердик таандыгы, кызматчылардын саны сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча аналитикалык отчёт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Пилоттук долбоордун алкагында аталган маалымат системи Кыргыз Республикасынын 5 мамлекеттик органында ишке киргизилди:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;
2. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
3. Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
4. Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
5. Саламаттык сактоо министрлиги.
Маалыматтык тутумду бардык мамлекеттик органдарда этап-этабы менен ишке киргизүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында мамлекеттик кадрдык курам боюнча кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы, жеткиликтүү актуалдуу толук маалыматтар базасы айкын убакыт ыргагында түзүлүп турат.
Маалымат тутумун киргизүү кийинки маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:
1. Мамлекеттик кызматчыларды башкаруу процессин автоматташтыруу;
2. Мамлекеттик органдардын кызматчыларын эсептөө иштерин жакшыртуу, эмгек маянасын эсептөө, окутуу иштерин так пландоо;
3. Мамлекеттик органдардын жетекчилигине кызматчылар боюнча актуалдуу жана так маалыматтарды берүү;
4. Мамлекеттик кызмат жана кадр саясатынын натыйжалуу жана заманбап ыкмаларын колдоо.
Маалыматтык тутумду 2016-жылдын аягына чейин бардык мамлекеттик органдарга орнотууну аяктоо пландаштырылууда.