Орусиянын Москва шаарында үйлөнүп жаткан кыргыз жубайлардын жакындары уруша кетишип, 3 адам атылган октон, 1 адам токмоктон жаракат алганын 7-августта МК.РУ маалымат агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак, окуя 7-август күнү таңга жуук Москва шаарынын түштүк тарабындагы кафелердин биринин жанында болгон. 32 жаштагы Полан жана 23 жаштагы Аянанын тоюна келген коноктор кафеден чыккан соң Поландын жакындары Аянанын жакындарына унаадан орун бербей коюшкан. Жыйынтыгында уруш чыгып, бир нече ирет ок атылган. Андан жалпы 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ок аткан адам кармалып, катыштыгы бар делгендер учурда изделип жатат.