Зардалы айылына унаа каттамы ачылды. Бул тууралуу 8-августта Кара-Бак айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Зардалы айылына унаа каттамы ачылып, айылга баруучу жолду оңдоп-түзөө иштери бүттү. Жолду оңдоп-түзөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, 870 литр күйүүчү май, 1 даана техника бөлүнүп берилген. Кашка-Суу дарыясынан жана Күйөө-Келди сайынан өтүүчү көпүрө ашар жолу менен салынып, учурда жергиликтүү калк унаа каттамы менен жүрүүдө. Мурда маалымдалгандай, эл өзү жасаган көпүрө учурда колдонулбайт.
Ал эми Данги аймагындагы Сох дарыясынан жөө өтүүчү көпүрөгө ӨКМ тарабынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.