Казакстандын Алматы шаарында 6-7-апрелде грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы эл аралык мелдеш өттү. Анда Кыргызстандын атынан барган балбан Узур Жусупбеков (85 килограмм) алтын медаль ээледи. Ал эми башка мекендештерибиз Лука Орлов (63 килограмм) 2-орунду, Чолпонбай Жыргалбай уулу (46 килограмм), Эльмар Талантбек уулу (58 килограмм) жана Рустам Рахматуллаев (63 килограмм) 3-орунду багындырышты. Айта кетсек, мелдешке 1996-98-жылдары туулган спортчулар катышкан.