Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" күмүш тыйындары көрсөтүлдү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-августта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн валюта рыногунун абалы, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, экономикадагы азыркы кырдаал жана ага тышкы факторлордун, анын ичинде АКШ долларынын курсунун тийгизген таасири тууралуу маалымат алды. Улуттук банктын төрагасынын айтымында, алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу жана валюта рыногунда кырдаалды туруктуу кармоо үчүн финансылык регулятор бардык инструменттерди колдонуп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунун абалына көз салып, улуттук валютанын туруктуулугун сактоо боюнча өз маалында чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Мындан тышкары Улуттук банктын төрагасы өлкө башчыга жакынкы күндөрү айлантууга чыгарыла турган "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" күмүш тыйындарын көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан