Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Азамат Оросбаев дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан 9-августта билдиришти.
Оросбаев буга чейин аталган комитеттин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.