Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга 8-апрелде бычактан жаракат алган 21 жаштагы А.К. аттуу жаран кайрылган. Ал эми укук коргоо кызматкерлери арыздын негизинде кылмышка шектүүнү көп узатпай эле кармашты. Ал Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы тургуну И.М. болуп чыкты. Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя боюнча Октябрь РИИБинин кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.