Таэквондо-ITF ассоциациясынын башчысы Эдуард Хегай “атаандаштарыбыз бизди мурун билбей, бизге көңүл бурбагандыгы жеңишке жардам берди” деп 9-августта маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар жана өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугу жана Дүйнө кубогу 23-июлдан 31-июлга чейин Англиянын Брайтан шаарында болуп өткөн. Чемпиондукка жалпысынан 40тан ашуун өлкөнүн таэквондочулары катышса, Кыргыз Республикасынын атынан катышкан 15 спортчу 5 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медалына ээ болушту.
"Биздин спортчулар мактоого арзышты. Чемпиондукка барууга кеткен каражат толугу менен ата-энелер тарабынан каржыланган. Жалпы жонунан бир спортчуга 1500 АКШ доллары сарпталып, автобус менен 12 күн жол жүрүштү", - дейт Эдуард Хегай.
Эдурад Хегай балдар бул таймашка катуу даярданганын белгилеп, ар бир жеңиш оорго турганын кошумчалады.