КРнын жаштар курама командасы футбол боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу мелдешине катышат

“Кыргызстандын футбол боюнча жаштардын курама командасы учурда Кувейт өлкөсүнүн Эль-Кувейт шаарында достук мелдешин өткөрүп жатат. Мелдештин 1-күнүндө кыргыз спортчулары менен Кувейттин “Кадсия” клубу беттешип, оюн 2:1 эсебинде, кыргызстандык команданын жеңиши менен аяктады. Демек, биринчи жеңишибиз бар”.  Бул маалыматты КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, мелдеш 21-апрелге чейин уланып, Кыргызстандын ушул эле командасы 24-апрелде Иранда өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо мелдешине катышмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан