Бүгүнкү күндө Ош облусундагы 88 айыл өкмөтүнүн бешөөсү гана өзүн өзү каржылайт. Алар: Алай районундагы Талды-Суу айыл өкмөтү, Араван районундагы Алианаров айыл өкмөтү, Кара-Суу районундагы Нариман, Сарай айыл өкмөттөрү жана Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтү. Мындай маалыматты Ош шаарында ачык бюджеттик угууларда Каржы министрлигинин өкүлү Давлатбек Искандаров айтканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анын маалымдашынча, Ош облусунун бийик тоолуу, шарты катаал райондорунда жашап, электр энергиясын пайдаланган 25 031 адамга республикалык бюджеттен компенсация төлөнүп берилет. Компенсациянын жалпы суммасы 19 миллион 936,5 миң сомду түзөт. Компенсациялар 2015-жылдан тартып теңдөөчү гранттардын курамында берилип келет.