Борбор калаада айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Борбор калаада айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:14 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Дэн Сяопин көчөсүндө айдоочу унаасы менен аялды сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 44 жаштагы аялдын бетинин жана колдорунун териси сыйрылып, сол колун кокустатып алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан