II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өрт коопсуздугун 50 атайын техника жана 207 куткаруучу камсыз кылат. 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, куткаруучулар спорттук жана маданий-массалык иш-чара өтүп жаткан, эл көп болгон жерлерде, ар кандай чукул кырдаалдар жаралбаш үчүн кезекте турушат, керек болгон учурда ыкчам аракет кылып, алдын алышат.
Оюнду өткөрүү учурунда спортчулардын, чет мамлекеттин расмий делегациясынын, туристтердин жана жарандардын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Кырчын-Каракол-Бишкек стратегиялык автоунаа жолуна туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.