Кыргыз өкмөтү менен Орусиянын Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу келишими 9-августта күчүн толугу менен жоготту. Улуттук энергетикалык холдингдин басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, келишим күчүндө турган маалда пайда болгон бардык чарбалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Кыргыз тарап тез арада Орусия тарап тарткан чыгымдарды аныктоо үчүн көз карандысыз эл аралык аудит өткөрүү керек деп белгилеп кетүү зарыл. Аудиттин акыркы жыйынтыгы бекитилгенден кийин кыргыз тарап чыгымдар боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга даяр",- деп айтылат маалыматта.
Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу жөнүндө эки тараптуу макулдашууга 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган. Президент Алмазбек Атамбаев макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзамга ушул жылдын 22-январында кол койгон эле.