Бишкектеги Балбан-Таймаш конушундагы мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта кабарлады.
"Бишкек шаардык жеке турак жай департаменти Балбан-Таймаш конушундагы муниципалдык жер белгисиз жарандар тарабынан басылып алынганын аныктаган. Кечээ, 9-августта аталган конушта 3 пайдубал сүрдүрүлүп, ал тилкелердеги курулуш материалдары чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия муниципалдык жерди басып алгандар кылмыш жана административдик жазага тартылышарын эскертет.