Кыргыз өлкөсү боюнча кант диабети менен ооруган 50 миң адамдын дарысына 109 миллион сом бөлүнгөн

Кыргыз жергесинде үстүбүздөгү жылдын 1-январынан бери кант диабети менен 50 миң адам катталган. Алардын ичинен 1821и кант диабетинин 1-түрү, 48 805и 2-түрү менен оорушса, 331и кичинекей балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта билдирди.

"Алардын 12 654ү Бишкек шаарында катталса, Чүйдө 8438, Жалал-Абадда 7945, Ошто 7124, Ысык-Көлдө 3934, Баткенде 2820, Нарында 2106 жана Таласта 1774. Инсулин менен дарланууга 16 693ү муктаж. Диабетке каршы дарылар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендер аркылуу Дүйнөлүк банктын процедуралары аркылуу сатылып алынат. 2016-жылы 109 миллион сом бөлүнүп, тендер өттү. Учурда бардык бейтаптар инсулин менен камсыздалышты" , - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Каржы министрлиги инсулин шприцтери үчүн 60 миллион сом бөлгөнү маалым болду. Тендердик процедуралар өткөрүлүп, Дүйнөлүк банктын макулдугун алып, шприцтерди алып келүү керектиги маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nura.177
2016-08-10 18:20:53
Ушул оорулууларга болунгон акчанын аркасында да чоон корупция жатат да ,аны женмейин бул дарылар жетпей калдыго,кайра эки эселенип сатылып бир байкуш чондорго андан ашканы майда барат тиешеси барлардын чонтогуно кететда
+4
Keremet008
2016-08-10 20:31:01
Бир гана даарысы бекер мн билишимче. Калганы суудай эле кетет очереддеп алышкан чоң энемин очереди жеткенди жаниңди суууруп алчудай чалат врачтар келбейспи место бошоду деп,себеп ар жатканда врачка 12000 ден беребиз да өзүң эптеп карап тур а деп. А калган даарыларын утуру барган сайын төлөп турабыз.... Өзү сахардыкы бекер деп да угуп калам
+2
Arslan12
2016-08-11 02:30:29
Бекер деп кагаз жузундо эле болуш керек отчет катары!
+1
DAF-077
2016-08-11 06:25:19
Ак халатчандар чынчыл маданияттуу коррупционерлер десе болот себеби даары алып кел деп кагазга даары менен кошо озунун аптекасынын да дарегин атын жазып коет,ал жерге барсаң бекер келген даары дармектерди олчойгон акчага сатат барбай башка жактан алайын десен айла жок оорукчан адамың ошол маданияттуу коррупционердин колунда жатат.Ары карап ыйлап бери карап күлүп бекер келген даарыны өз колуң менен сатып алып келип бересиң. Мынакей көрүп билип туруп эч нерсе кыла албайсың.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан