"Карагат фест" мөмө-жемиштердин төртүнчү ар жылдык фестивалы өттү

2016-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында мөмө-жемиштердин "Карагат фест" IV ар жылдык фестивалы болуп өттү. Иш-чараны төртүнчү жылы катары менен "Кумтөр Голд Компани" каржылап, "Авеп" коомдук фондунун "Карагат плюс" программасынын алкагында өтүүдө. Программаны жүзөгө ашырууга жана күнөскана чарбаларын өнүктүрүүгө компания төрт жылда 67 миллион сомдой салым кошту.

Быйыл фестивалга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү, Ак-Суу районунун акими, өз ишмердүүлүгүн Ысык-Көлдө жүргүзгөн фермердик топтор, компаниялар менен жамааттар, "Кумтөр" компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле облустун 30 айылынан үч миңдей адам катышты. Фестиваль салттуу түрдө августта, жергиликтүү жашоочулар мөмө-жемиштердин түшүмүн чогултуп жатышканда өтөт. Ар жылы фестивалга 2-3 миңдей адам келет. Фестивалдын максаты – Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиштерин таанытуу жана алардын жергиликтүү жана чет элдик рынокторго чыгуусуна өбөлгө түзүү.

Фестивалдын меймандары мөмө-жемиштердин майрамдык парадын көрүп, жарманкесин кыдырышты. Мастер-класстар өткөрүлүп, аларда мөмө-жемиштерди өстүрүү тажрыйбасын жакшыртуу жолдору, продукцияны кантип экспорттоо, күнөскана куруу, тамчылатып сугаруу системин орнотуу жана пайдалануу боюнча маалымат берилди. Меймандар түркүн сорттогу мөмө-жемиштерден ооз тийип, жакканын сатып алышты. Белгилүү музыкалык топтор өнөрлөрү менен фестивалдын ажарын ачышты. Өзгөчө айырмаланган фермерлер менен активдүү катышуучулар иш-чаранын уюштуруучуларынан жана демөөрчүлөрүнөн белектер менен сыйлыктарды алышты. Бөбөктөргө "Бугу эне" коомдук фондунан белектер - "Кумтөр" компаниясынын жардамы менен чыгарылган пазлдар, окуу карталары жана китептер тапшырылды. Бардык каалоочулар "Кумтөр Голд Компанинин" маалыматтык күркөсүнө барып, компания кызматкерлеринен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу билип, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү жөнүндө басылма материалдарды алышты. Күркөнүн ар бир коногу алтын уютманын макетин кармап сүрөткө түшүп, ишкана боюнча кызыккан суроолоруна жооп алды.

"Карагат плюс" программасынын концепциясы фермерлерди жаңы тажрыйбаларга окутууга шартталган. Программа өсүмдүк өстүрүүнүн инновацияларын жайылтуу менен айыл чарбасындагы жаңы иш ыкмалары менен көндүмдөргө окутуу, үшүккө чыдамдуу жана жогору түшүмдүү көчөттөрдү жайылтуу, күнөскана менен мөмө-жемиш сактоочу кампа куруу, тамчылатып сугарууга үйрөтүүдөн турат. Мисалы, беш миңдей фермер жер тилкелери менен талааларын тамчылатып сугаруу боюнча билим алышты. Алар анын артыкчылыгына дароо баа берип, аймактагы сугат көйгөйү чечилди. Дагы миңдеген фермерлер күнөсканаларда өсүмдүк өстүрүүгө үйрөнүштү. Ысык-Көл облусунун төрт кесиптик лицейинин жана жети социалдык мекемесинин негизинде күнөсканалар тургузулду. Эми алардын тарбиялануучулары күнөскана чарбасын жүргүзүү боюнча окуп, келечекте билимин колдонуп жан бага алышат. Бул жылдар аралыгында биз жакшы натыйжаларга жетиштик жана компания муну менен токтолуп калбай, айыл чарбасын өнүктүрүүгө өз салымын кошо бермекчи", - деп белгиледи "Кумтөр Голд Компанинин" тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.

Кеңири маалымат: http://www.kumtor.kg/kg/fourth-annual-fruit-and-berry-festival-karagat-fest-was-held-in-ak-suu-district-of-issyk-kul-region/


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан