Өзгөн районунда мектептерди оңдоп-түзөөдө тендерге катышкан компаниялар соттошуп, оңдоп-түзөө иштери кечигүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исмаил Дүйшөев билдирди.
"Бүгүнкү күндө тендер эки ирет бузулду. Жакында үчүнчү ирет өткөрүлгөнү жатат, анткени тендерден утулгандар бири-бирин сотко берип, жумуш кечигип жатат. Ошентсе да аракет кылып, 23-августка толугу менен жыйынтыктап, мугалимдер менен Август кеңешмесин өткөрөбүз", - деп кошумчалады Дүйшөев.
Маалым болгондой, Өзгөн районунда жалпы 96 мектеп болсо, анын ичинен 11 мектеп башталгыч билим берүүнү камсыздайт. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, учурда райондогу мектептерди оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга бүткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Өзгөн районунда 2015-2016-окуу жылында 1 окуучу республикалык олимпиадада 2-орунду камсыздаган.