Учурдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү жол-жобосу менен киргизсе болорун бүгүн, 11-августта "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев журналисттер менен болгон жыйында айтты.
"Өзгөртүү киргизсек болот, бирок жол-жобосу менен. Шашылып жасалды. Бул элдин ишенимин жоготот. "Бомбалар" менен кабыл алынат. Кеңешме түзүп, 30 жылга чейин өзгөртпөй тургандай кылыш керек. Бул редакция менен кабыл алууга болбойт. "Премьер-министрге президенттин, парламенттин, Башкы прокуратуранын күчү жетпегидей кылабыз" деп жатышат", - дейт Текебаев.
"Мен президент менен сүйлөшүп, оюмду айткам. Өкмөттү күчөтүү керек. Саясий жактан күчөтүп, жоопкерчиликти бериш керек деп айткам, бирок булар башка нукта өзгөртүп жатышат. Азыркы Конституциянын айынан сот реформасы жүрбөй калганын айтып жатышат. Ал андан эмес, ашыкча башкаруудан. Президенттин тегерегиндеги адамдардын айынан жүрбөй калды", - деди депутат.
"Азимжан Аскаровдун иши каралып жатат. БУУ "ал ооруп жатканда жакшы карабаптырсыңар, короо шыпыртыптырсыңар" деди. Аскаровдун көчө шыпырганы далилденсе, чара көрүү керек. Анын ден соолугун карай албадык, туура, бирок мамлекет жөнөкөй жарандын ден соолугун карай албай жатат. Абал ушундай оор. БУУ кылмыш ишинин маңызына, тергөөгө кийлигише албайт. Башкалар да түрмөдө жатышат. Биз аларды түрмөдө кыйнообо керек деп чечим кабыл алышыбыз керек", - деп Аскаровдун иши тууралуу айтты.