"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчыларды кызматтан кетирүүдө президент Алмазбек Атамбаев менен кеңешип турган. Бул кадамы туура эмес болгонун бүгүнкү маалымат жыйынында мойнуна алды. Ал президенттин аппараты бийликти мынчалык деңгээлде колуна алып алат деп күткөн эместигин айтты. "Өкмөт башчыларды кызматтан кетирүүгө менин да салымым болгон, президенттин өзү менен кеңешип тургам, бирок туура эмес кылган экенмин. Өкмөт кеткенден кийин президенттин аппараты убакыттан пайдаланып, бийликти колго алуу аракетин кылып жатканы эми көрүнүүдө. Мен мынчалык болуп кетет деп күткөн эмесмин. Ошондуктан ачыгын айтып чыктым", - деди ал.
Ал Алмазбек Атамбаев менен өткөн жылдын соңунда жолугушуп, эмне тууралуу сүйлөшкөнүн да ачыкка чыгарды. "Президент менен жолугушуп, "Сиздин таасириңиз аябай чоң болуп жатат, биз сизди сыйлап жатабыз. Сизден кийинкилерге мындай мамиле болбойт, мурдунан суусун агызабыз" деп айткам", - деди Текебаев.