Аскердик окуу жайдын тарбиялануучулары туугандарына жана жакындарына даттануу максатында лицейден чыгып кетишкен

31-августта өтө турган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган аскердик парадга даярданууга Кыргыз улуттук аскердик лицейинин 3-курсунун тарбиялануучулары да катышып жатышканы маалым болду. 2016-жылдын 9-августунда кезектеги машыгуу учурунда 3-курстун тарбиялануучулары менен алардын командиринин ортосунда келишпестик орун алган, буга тарбиялануучуларга эс алуу үчүн аз убакыт бөлүнгөндүгү себеп болгон. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн
Башкы штабы бүгүн, 11-августта кабарлады.

"Натыйжада туугандарына жана жакындарына даттануу максатында тарбиялануучулар лицейден чыгып кетишкен. Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда тарбиялануучулар аскердик лицейдин аймагына туугандарынын коштоосунда кайрылып келишип, кетип калгандарынын себептерин айтып беришкен. Башкармалык тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Начар тарбиялык иши үчүн лицейдин 3-курсунун жетекчиси майор А.Б.Байтанаев кызматынан четтетилди”, - деп билдиришти Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы.

Эске салсак, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы мындай окуя орун алгандыгын 11-августта ырастаган. Бирок алар качпай эле, эс алууга кетишкенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
plaza85
2016-08-11 16:11:48
Офицерлердин оздорун биринчи тарбиялаш керек.Бизде мыйзам менен жоопкерчилик жок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан