Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөнүн курулушу менен таанышты

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Насирдин Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирип турган көпүрөнүн курулуш иштеринин 70 пайызы жыйынтыкталган.

"Жаңы көпүрөнүн курулушунун акыркы иштери калды. 25-августта толугу менен бүтүп, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө пайдаланууга тапшырабыз. Мындан сырткары Түштүк-Чыгыш кичи районундагы “Жеңиш” багы пайдаланууга берилет”, - деп билдирди Кадырбаев.

Белгилүү болгондой, курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73 миллион сом. Ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзгөн. Көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр. Көпүрө Курманжан датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айыл аймагын бириктирип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
alaibekovich
2016-08-11 17:57:56
Откондоле тааныштыле го дагы кайра кайра тааныша берет экен да... Унутуп калат окшойт да... Коруп чыкты десе болмок
+4
Aldyiar
2016-08-11 19:01:21
Мурунку Ош шаарынын мэри жакшы эле коп иштерди кылган болчу шаар учун деп. Азыркы мэрдин колунан эч нерсе келбейт бул мээр мурун мент болуп иштеген анан жегенди жакшы корот булар.
+6
Patrik2
2016-08-11 22:22:11
1950 жылы жасалган тротуарлар менен таанышып койсонор жакшы болмок Исанов кочосундогу.
+5
Odik11
2016-08-12 07:50:38
Patrik2,Ама жайладин киспурушту
0
Khabib
2016-08-12 13:34:17
Odik11,сен таза [moderated] экенсин а бир болсо
0
Khabib
2016-08-12 13:34:47
озбек
0
arap00
2016-08-13 08:56:14
Бул копуро буткондо муну да текшерип койсун мер копуронун астында туруп))))
0
Aldyiar
2016-08-16 00:54:54
arap00,Анын колунан келбейт текшерип дегендей Мелис болгондо ошол текшерип журот эле бул мент болуп иштеген убагын азыр Алмаздын баласы болуп журот ХХХ дегендей
0
admin_portal
2016-08-16 09:33:32
Aldyiar, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан