Президенттикке талапкер Дональд Трамп Барак Обаманы "Ислам мамлекети" тобун түптөгөн деп айыптады

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп АКШнын азыркы президенти Барак Обаманы "Ислам мамлекети" тобун түптөгөн деп айыптады. Мындай билдирүүнү ал 10-августта Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында тарапташтары менен жолугушууда айтканын "Chicago Tribune" басылмасы жарыялады.

Трамптын айтымында, аталган топ Обаманы сыйлайт. Басылма анын минтип айтканына бийлик расмий жооп бере электигин белгилейт. Дональд Трамп буга чейин да Обама менен өзүнүн атаандашы Хиллари Клинтонду "Ислам мамлекети" тобун түзгөн деп күнөөлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан