12-13-апрелде Баткен облусунун Кара-Булак айылында “Баткендин керемети – айгүл гүлүн сактайбыз!” аттуу экологиялык акция болот. Акциянын максаты - кызыл китепке кирген жана сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн коргоо жана мындай гүл өскөн аймактарга камкордук көрүү болуп саналат. Белгилей кетсек, бул гүлдүн эң белгилүү топтошуп өскөн аймагы Баткенден 17 чакырым алыстыктагы Айгүл-Таш тоо кыркасында жайгашкан. Иш-чаранын катышуучулары гүл өскөн аймакты таштандылардан арылтып, иретке келтиришет. Мындан сырткары акциянын алкагында бир нече поэтикалык жана сүрөт сынактарын уюштуруу да пландалууда.