“Азия MIX” КВН командасы оюн жүрүп жатканда социалдык тармактарда калыстардын чечимине каршы “петиция” чыгарбоону суранды

“Азия MIX” КВН командасынын мүчөлөрү оюн жүрүп жатканда социалдык тармактарда калыстардын чечимине каршы “петиция” чыгарбоону бүгүн, 12-августта журналисттер үчүн уюштурулган жыйында суранышты. “Социалдык тармактарда калыстардын чечимине каршы “петиция” бизге жардам бербей эле, терс таасир тийгизиши мүмкүн", - деди команданын капитаны Эльдияр Кененсаров.
Белгилей кетсек, аталган команда жеңилип калган учурда социалдык тармактарда команданы колдоо максатында калыстарга каршы кескин сындар айтылган.

Ошондой эле “Азия MIX” КВН командасы өздөрүнүн коомдук фондун ачышканын билдиришти.

“Азия MIX+” коомдук фондун ачтык. Фонддун негизги максаты - мекенибиздин таланттуу адамдарын колдоо”, - дешти оюнчулар.

Команданын капитаны күзүндө өтө турган оюндарга көрүлүп жаткан даярдыктарга токтолду:

“Биз спортчулардай эле жыйындарга барабыз. Сентябрь айында Москва шаарында акыркы жыйынтыктоочу жыйын болот. Жоопкерчиликти сезгендигибиз үчүн ойногон сайын жаңы бийиктикке жеткибиз келет”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibi8984
2016-08-12 12:43:33
Ийгилик!
+2
kaitpas
2016-08-12 13:26:20
Азия микс азаматсыңар!Силер менен сыймыктанабыз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан